Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:03

АКШнын саламаттыкты сактоо мыйзамы Сенаттын сынынан өттү


Сенаттагы добуш берүүдө президент Барак Обама колдогон мыйзам боюнча талкууну аяктоону 60 сенатор колдоду, 40 сенатор каршы чыкты. Мунун менен эми документтин ушул аптада акыркы ирээт колгон салынуусуна жол ачылып олтурат. Эгер Сенат мыйзамды кабыл алса, ал Конгресстин эл өкүлдөр палатасы буга чейин жактырган мыйзам менен шайкеш келтирилүүсү керек. Президент Барак Обама саламаттыкты сактоо тармагын реформалоону өзүнүн ички саясаттагы башкы маселеси катары белгилеген. Колго салынар алдында турган мыйзам учурда медициналык камсыздандыруусу жок 31 миллион америкалыктын аны алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Оппозициядагы республикачылардын пикиринде, мындай чара экономика рецессиядан эми оңолуп жаткан шартта, федералдык бюджеттин таңкыстыгын көбөйтөт.

XS
SM
MD
LG