Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Коммунисттер Сталиндин 130 жылдыгын белгилешүүдө


Орус коммунисттери бүгүн мурдагы советтик лидердин туулган күнүнүн 130 жылдыгына байланыштуу анын Кремль дубалдары алдындагы бейитине гүл чамбарларды коюшту. Сталинди эскерүү иш чаралары өлкөнүн башка аймактарында,
маркумдун кичи мекени – Грузиянын Гори шаарында да өттү. Сталиндин мурасын баалоо маселеси боюнча талаш-тартыштар Орусияда али өкүм сүрүп келүүдө. Орус компартиясынын азыркы жолбашчыларынын бири Иван Мельников бүгүн “Россияская газетада” жарыяланган интервьюсунда Сталин өлкөнү модернизацияланган саналуу жол башчылардын бир экенин, ал Петр Биринчи менен Лениндин катарында турарын белгиледи. Орус президенти Дмитрий Медведев болсо октябрь айында Сталиндин доорундагы массалык кыргындарды айыптап, “улуттук трагедиялардын элеси жеңиштер сыяктуу эле ыйык экенин” айткан.

XS
SM
MD
LG