Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:21

К.Бакиев: Кыргызстан энергетика рыногунда алдыда болууга умтулат


Өлкө башчысы Курманбек Бакиев Өкмөт үйүндө өткөн Камбар-Ата-2 ГЭСиндеги ири масштабдагы жардырууга байланышкан иш-чара учурунда «Биз региондун энергетика рыногунда алдыңкы орунда болууну көздөгөн амбициялуу максат коюп жатабыз”, - деп билдирди.

Бүгүн ири масштабдагы жардырууну өткөрүү боюнча штаб менен видеобайланыш уюштурулду. Иш-чаранын катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө президент алдыга коюлган милдеттин ийгиликтүү аякташы менен куттуктады.

“Биз сиздер менен накта тарыхый окуянын күбөсү болдук. Мен биздин энергетиктер Камбар-Ата ГЭСинин биринчи агрегатын ишке киргизүү үчүн Нарын дарыясынын нугун тосуу боюнча милдетти аткара тургандыгына ишенгем”, - деди К.Бакиев.

Президент мамлекет аталган масштабдуу долбоорду каржылоо боюнча бардык милдеттенмелерин толугу менен аткарып жаткандыгын белгиледи. «Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Өз кезегинде СССР сындуу ири державанын да бул ГЭСти курууга чамасы чак болуп калган. Азыр болсо Камбар-Ата1, 2 ГЭСтеринин сөзсүз курула тургандыгына эч ким шек санабай деле калды деп ойлойм”, - деп айтты өлкө башчысы.

К.Бакиев алдыдагы отуз жылга өлкөнүн комплекстүү энергетикалык стратегиясын иштеп чыгуу боюнча ишти улантуунун зарылдыгын белгиледи. (EK)

XS
SM
MD
LG