Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:55

Оң рулдуу автоунааларды такси катары пайдаланууга тыйуу салынат


Жогорку Кеңештин Экономика тармактарын өнүктүрүү боюнча комитетинин шейшембидеги отурумунда «Автомобилдик транспорт жөнүндө» мыйзамдын долбоору экинчи окууда каралып, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими бир добуштан кабыл алынды. Бул тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечиси Нарынбек Молдобаев “Азаттыкка” билдирди. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, оң рулдуу автоунааларды такси катары пайдаланууга жана майып адамдардын атайын автокаражаттарды такси катары пайдаланышына тыюу салуу жобосу киргизилет. ИИМдин маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылы автокырсыктардын 64,8 пайызы оң рулдуу автунаалар болуп чыккан. (AJ)

XS
SM
MD
LG