Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:52

ДБ Бишкек жылуулук борборуна 4 млн. АКШ долларын бөлүүдө


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламент аралык кызматташтык комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Кубанычбек Жусупов билдирди. Аталган комитет бүгүн энергетикалык тармакка тезинен кошумча каражат бөлүү тууралуу Кыргызстан менен Эл аралык өнүгүү ассоциациясынын макулдашуу долбоорун талкууга алды. Дүйнөлүк Банк Кыргызстанга 2 млн. АКШ долларын грант түрүндө, ал эми калган каражатты 15 жылга 0,75 үстөк пайыз менен менен насыяга бермекчи. Бул акча эсебинен Бишкек жылуулук берүүчү борборун техникалык жактан кайра жабдуу каралууда. Долбоорду «Электр станциялары» ишке ашырмакчы. (EK)

XS
SM
MD
LG