Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Кырсыктаган Боинг-737 учкучтары 5 жылга кесилди


Мындай өкүм бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан чыгарылды. Айыпталуучулар Кылмыш кодексинин 208-беренеси боюнча күнөөлү деп табылышты. Биринчи учкуч Юрий Гончаров 5 жыл 2 айга, экинчи учкуч Тимофей Водолагин 5 жылга жатак абакка (колония-поселение) кесилди. Сот бүгүн «Итек эйр» жана «Асман эйр» компанияларынан моралдык жана материалдык зыян үчүн компенсация өндүрүп алуу боюнча 19 жарандын доо арызын караган жок.

Бишкек-Тегеран багытына чыккан "Итек-эйр" авиакомпаниясына тиешелүү Боинг-737 былтыр 24-августта "Манас" аба майданын көтөрүлгөндөн көп өтпөй Бишкектин жака белине кулап түшүп, күйүп кеткен эле. Кырсыктан учактагы 65 адам мерт болгон. (EK)

XS
SM
MD
LG