Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:55

Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегаты май айында ишке кирет


Бул тууралуу аталган ГЭСти куруп жаткан «Нарынгидрокурулуш» компаниясынын жетекчиси Алберт Авазбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда 1-агрегат ишке кирген соң, 2-3 агрегатты ишке киргизүү жеңил болот. Камбар-Ата-2 ГЭСинин 1-агрегатын куруу башталган 2007-жылы курулуш өткөн жылдын 22-декабрында аяктайт деп максат кылынган болчу. Бул күнү ГЭСке суу бөгөө үчүн тоо жардыруу иши жүргүзүлгөн.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу 360 мегаватт. Ал эми Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 мегаватт. Курулушу максатталып жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСи 1900 мегаватт кубаттуулукта болмокчу.(ZKo)

XS
SM
MD
LG