Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Электр энергиясын кымбаттатууга каршы Нарында кол топтоо башталды


Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган облустагы “Биримдик” ассоциациясынын өкүлү Асыл Жаманова билдирди. Топтолгон кол боюнча маалымат Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрүн айтты. Кыш жети айга созулган Нарында тарифтерди кескин көтөрүп жиберүү эл үчүн өтө оор болуп калат, дейт. А. Жаманова. Кыргызстанда ушул жылдын январь айынан тарта өкмөт электр энергиясынын баасын эки эсе, жылуулуктун баасын беш эсе кымбаттатты. Оппозициялык күчтөр жана бир катар мамлекеттик эмес уюмдар өкмөттүн бул чечимине мораторий жарыяланышы керектигин билдиришкен. (EBM)

XS
SM
MD
LG