Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:41

“Компаниялар жана маркеттер” уюмунун баяндамасы жарык көрдү


“Компаниялар жана маркеттер” уюму Борбор Азия саясий бийликтин коопсуздугунун сакталышын талдаган отчетун жарялады. Лондондо жайгашкан бул бейөкмөт уюм баяндамасында Кыргызстанда 2009-жылы 23-июлдагы шайлоодон кийин оппозициялык күчтөрдүн каршылыгына карабастан президент Курманбек Бакиев өзүнүн бийлигин узакка чейин коопсуз сактап калаары белгиленген. Ошондой эле Кыргызстан Орусиянын дагы, АКШнын дагы стратегиялык кызыкчылыктарын сактап, ошол эле учурда эл аралык сын-пикирлерди чектеген бойдон калары айтылган. Бул болсо өлкөдөгү оппозицияны ооздуктоого жардам берип, расмий бийлик коомдук пикир үчүн жабык бойдон калаарын билдирген.
Ал эми Казакстан болсо демократиянын өнүгүшү солгун тейден калып, өлкө негизинен Батыш менен соода алакасын чыңдап, анын аркасында эл аралык аренада өзүнүн саясий ордун бекемдеп калаары белгиленген. Түркмөнстан менен Өзбекстан энергоресустары аркылуу өз бийлигин бекемдесе, Тажикстан Ооганстанда бейпилдик орнотуучу НАТО күчтөрүнүн таасири аркылуу өз бийлигин бекемей тургандыгы көрсөтүлгөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG