Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

ЕККУга Г.Павлюктун жубайына жактоочу жалдап берүү маселеси коюлду


Бул тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди.
-ЕККУнун өкүлчүлүгүнөн маркум Геннадий Павлюктун аялына мыйзамдуулук жактан жардам берип турган жакшы адвокат жалдап берүү маселесин койдук. Экинчиден аялынын коопсуздугун камсыз кылууну дагы өтүндүк.
Төлөйкан Исмаилова ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнө журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө байланыштуу маселени ачык жана мыйзамдын чегинде кароону ЕККУнун көз салып туруусун талап кылышканын дагы белгиледи. “Болбосо бул маселени Кыргызстандагы укук коргоо органдары бурмалап, жаап жашырып коюшу мүмкүн”,-дейт Т.Исмаилова. (AJ)

XS
SM
MD
LG