Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:38

Сенатор-демократ президент Обамадан кечирим сурады


АКШ Сенатындагы демократтык көпчүлүктүн лидери Гарри Рид 2008-жылкы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда азыркы президент Барак Обаманын ысмына айткан рассисттик сөздөрү үчүн кечирим сурады. Жакында чыккан китепте Риддин Барак Обама зарыл болгондо "ынды караларга таандык акценти" жок сүйлөй алган ак жүздүү афроамерикалык” болгону үчүн шайлоодо жеңип чыгышы мүмкүн деген сөзү басылган эле. Рид ишемби күнү жасаган билдирүүсүндө сөздү натуура колдонгонуна өкүнүп, ал сөздөрү кимге тийсе, алардын баарынан “эби жок комментарийи” үчүн кечирим сурады.

XS
SM
MD
LG