Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Армения Конституциялык Соту Түркия менен келишимдерди жактырды


Армениянын Конституциялык Соту Түркия менен дипломатиялык алака түзүү протоколдорун жактырды. Дипломатиялык мамиле орнотуу жана орток чек араны ачуу жөнүндө тараптар октябрда макулдашышкан. Бирок Түрк парламенти келишимдерди ратификациялабай койду. Эми Армения депутаттары да аларды колго салууга тийиш. Армян президенти Серж Саркисян Анкара келишимдерди жактыруу процессин тездетпесе, макулдашуудан баш тартабыз деп эскертти. Түрк расмий өкүлдөрү болсо Армения менен Азербайжан ортосундагы Тоолуу Карабак боюнча талашты жөнгө салууда прогресс болмоюн, протоколдор ратификацияланбайт деп кайталоодо.

XS
SM
MD
LG