Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

2009-жылы Ооганстанда 2412 жайкын адам каза тапкан


Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча өткөн 2009-жылы Ооганстанда 2412 жайкын тургандар талиптердин жана НАТО күчтөрүнүн колунан каза табышкан. Бул 2001-жылы талибан кулатылгандан берки эң чоң жоготуу. Эгер 2008-жылы 2118 адам каза болгон болсо, өткөн жылы бул 14 пайызга көбөйүп кеткен. Өткөн жылы каза тапкандардын 1630у талиптердин колунан ажал табышкан, бул болсо наркы жылга караганда 40 пайызга көп дегенди билдирет. Ал эми 596 адам НАТО баштаган эл аралык күчтөрдүн колунан өмүр менен кош айтышкан. БУУнун маалыматы боюнча, бул аркы жылга салыштырмалуу 28 пайызга аз дегенди түшүндүрөт.

XS
SM
MD
LG