Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Бүгүн Украинада президенттик шайлоо өтүп жатат


Украиналыктар беш жыл мурдагы “саргылт ыңкылаптан” бери алгачкы ирет өз өлкөсүнүн башчысын тандап жатышат. Ыңкылаптан кийин президент болгон Виктор Ющенко бул ирет да президенттикке ат салышууда, бирок аны шайлоочулардын 3% гана колдошу мүмкүн дешет. Анын оордуна Ющенконун беш жыл мурдагы атаандашы Виктор Янукович жеңиши ыктымал. Коом пикирин сурамжылоолордун жыйынтыгына ылайык, Януковичтен кийинки орунда азыркы премьер-министр Юлия Тимошенко турат. Тимошенка айым бүгүн добушун бергенден кийин: “Украин эли өзүнүн алдыдагы ондогон жылдарга келечегин тандайт”, - деп айтты. Киевде кар жаап, күн сууктугуна карабай, шайлоо бекеттерине агылган эл көп экени айтылууда. Бүгүнкү шайлоого Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун атынан 600 байкоочу көз салууда.

XS
SM
MD
LG