Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Акцияга катышкандардын саны 20га жетти


Айрымдары буга чейин саламаттыгына байланыштуу ачкачылык кармоону токтотушкан. И. Исаковдун боштондугун талап кылып, азыр Бишкекте ачкачылык кармап отургандар – он киши. Алардын арасында дарыгерлер акцияны токтотуусун сунуш кылса дагы, ачкачылыгын токтотпой, улантып жаткандар бар, деп билдирди акциянын демилгечиси Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка”. Акциянын катышуучуларынын саламаттыгына кардиолог-дарыгер Ташболот Балтабаев көз салып турат. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан да дарыгерлер күн сайын келип кабар алышууда. Алардан тышкары милиция кызматкерлери да келип кетишкен.
Бишкектеги ачкачылык акциясына бүгүн дагы эки аял кошулду.

Мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И. Исаковдун боштондугун талап кылган мөөнөтсүз ачкачылык акциясы 13-январда башталган.
И. Исаковду коргоо министрлигине тиешелүү батирди аскердик офицер болуп иштеген уулуна алып берип койгон деген айып менен Бишкек аскердик гарнизондук соту генерал-лейтенанттык чининен ажыратып, 8 жылга кескен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG