Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

Кыргыз-өзбек чек арачылардын чатагынын себеби такталууда


Бул тууралуу КР чек ара кызматынын маалымат катчысы Жоодар Исакулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда 17-мартта Жалал-Абаттагы Момбеков чек ара заставасында болгон чатактын натыйжасында кыргыз чек арачысы жарадар болуп, аны Өзбекстан жарандарынын коштоосунда өзбек чек арачылары өзүлөрү тарапка алып кирип кеткен. Бул окуянын чоо-жайын териштирүү жана кыргыз чек арачысын кайтарып алуу боюнча атайын топ түзүлүп, иштеп жатат. Ал эми өзбек чек ара кызматы жарадар болгон кыргыз чек арачысы Анжияндагы ооруканада жатат, анын абалы канааттандырарлык деп маалымдаган. Басма сөз катчысынын айтуусунда чатак Кыргызстандын аймагында болгон.

Буга чейин Ала-Букадагы чек ара түйүнүндө кыргызстандык эки чек арачыны өзбек жаранынын малын тартып алууга аракеттенген деген доомат менен өзбек чек арачылары кармап, алар 2-январдан 6-январга чейин Ханабадда камалып жаткан. Бул окуя боюнча КР чек ара кызматы өзбекстандык кесиптештери менен сүйлөшүү жүргүзүп, эки тараптын бири-бирине дооматы жок деген жыйынтыкка келишкен.(ZKo)

XS
SM
MD
LG