Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:42

ИИМ: Кылмыш иши жол тосуу фактысы боюнча козголгон


ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта кылмыш иши И. Исаковдун Алайдагы тарапкерлерине эмес, стратегиялык маанидеги Ош –Эркеч-Там жолун мыйзамсыз тосуу фактысы боюнча козголгону айтылат. ИИМ бул маалыматты “Саясий камактагыларды коргоо” комитетинин төрагасы Т. Тургуналиевдин 18-январда журналисттерге айткан сөзүн жокко чыгаруу максатында жарыялады. Анда ошондой эле Алайда элдин ары-берүү жүрүү эркиндиги чектелбегендиги тууралуу да жазылган.

ИИМ басма сөз кызматынын бул маалыматы мурдагы коргоо министри И. Исаковдун камалышына байланыштуу чыгып жаткан түрдүү нааразылык акцияларына карата берилип жаткан расмий бийликтин алгачкы жообу болуп эсептелет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG