Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

HRW: Укук коргоочулар, журналисттер куугунтук бутасына айланды


Хьюман Райтс Уотч уюму 2009-жылдагы адам укугунун дүйнөдөгү абалы тууралуу кезектеги баяндамасын жарыялады. Анда өткөн жылы Кыргызстанда адам укугу айрыкча президенттик шайлоо маалында көп бузулганы айтылат.

Баяндамасында кыргыз бийлиги былтыр тынч жыйындарга чогулуу, өз оюн эркин билдирүү сымал атуулдардын негизги укуктарын одоно бузганы белгилеген.

Укук коргоочулар менен журналисттер куугунтуктоонун бутасына айланды деп айтылат. Мындан сырткары кыргыз өкмөтү кылмышка шектүү деп кармалгандарды, абакта жаткандарды кыйнап, денесине залакат келтирүү менен суракка алуу учурларын азайта албаганы да көрсөтүлгөн.

Баяндамада журналисттерге болгон кол салуулар тууралуу фактылар тизмектелип берилип, өткөн жылы кеминде жети журналист жабыркаганы айтылат.

“Кылым шамы бейөкмөт” уюмунун башчысы Азиза Абдирасулованын пикиринде Кыргызстанда коркунучтуу тенденция байкалууда.

Демократиялык принциптерден артка кеткен жана адам укугу көп бузулган, бийлик узурпацияланып, диктатуралык өңүткө бараткан өлкөлөрдө эң биринчи журналисттерге, көрүнүктүү оппозициялык саясатчыларга жана укук коргоочуларга коркунуч келет, дейт А. Абдирасулова:

- Алардын ишмердүүлүгүнө, өмүрүнө, ден-соолугуна коркунуч келет. 2007-жылы башталганда айтканбыз, Кыргызстанда өтө коркунучтуу тенденция кетти, мындан кийин адам укуктары кескин начарлайт, журналисттердин укук коргоочулардын өмүрүнө коркунуч келет деп. Эң негизги коркунучка кабылган адам катары журналисттер каралып атат. Себеби журналистсиз сөз эркиндиги жок. Кыргызстандагы болгон окуяларды чагылдырган журналисттердин өмүрүнө, ден-соолугуна, ишмердүүлүгүнө коркунуч келип атат. Эң акыркы окуя - Геннадий Павлюктун өлүмү өтө аянычтуу, өтө өкүнүчтүү, өтө коркунучтуу. Мунун өзү эле Кыргызстанда сөз эркиндигинин дээрлик жок болуп баратканын билдирет.

Президенттин маалымат катчысы Алмас Турдумаматов Кыргызстанда өткөн жылы журналисттерге кол салуулар күчөгөнүн танбайт. Бирок бул окуялардын баарын бир караганга болбой турганын, кыргызстанда айрым оппозициялык саясатчылар бул учурларды өзүнө упай топтооүчүн пайдаланып жатканын айтат:

- Ар бир окуяны өзүнчө караш керек. Бийлик дагы, анын ичинде секретариат дагы бул штердин баардыгы тез ачылышына, убагында чара көргөнгө биз дагы кызыкдарбыз.

Антсе да айрым жергеликтүү, эл аралык укук коргоо уюмдары адам укугуна байланышкан соңку окуяларды бийлик тарабынан куугунтук катары баалап келишет.

Былтыр жазында Петровка чатагын уюштурду деген айып менен оппозициялык саясатчылар камакка алынган. Азыр сот процесси уланып жатат. Президенттик шайлоо маалында Балыкчыда чыккан тополоңдо жыйырмадай киши камакка алынып, жакында эле соттун өкүмү чыкты. Алардын он төртү шарттуу түрдө эки жылга, калган төртөө төрт жылдан абакка кесилди.

Ушуну менен кадыр-барктуу экинчи эл аралык уюм - Хьюман Райтс Уотч Кыргызстанда адам укугунун абалы начар деп билдирди. Мындан мурдараак Фридом Хаус уюму Кыргызстанды эркин эмес өлкө деп жарыялаган. Уюмдун мурунку баяндамасында өлкө жарым-жартылай эркин деген тизмеде болчу.

XS
SM
MD
LG