Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:20

Кар көчкү түшкөн Алайкууда 20 чакты кишинин дайыны жок


Бул туурасында Кара-Кулжа районунун акими Айтмамат Осмонов “Азаттыкка” билдирди. Анын ырасташынча, кечээ кечке маал Көк-Көл аймагында кар көчкү жүрүп, Алайкууга бараткан төрт машина кырсыктын ортосунда калган. Курчоодон эптеп кутулуп, жакын жердеги айылга кабарлаган эки кишинин айтымында, автоунааларда жыйырмадан ашык киши болгон, алардын бирөө оор абалда эле. Аймакка бир жарым метрден ашык кар жаагандыктан, түндөн бери чукул кырдаал министрлигинин куткаруучулары жабыр тарткандарга жете албай жатышат.

20 миңге чукул калк жашаган Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүнүн тургундары 18-январда “Азаттыкка” чалып, аймак тыш дүйнө менен байланышсыз калгандыгын, турмуш-тиричилиги оорлошкон элден мамлекеттик органдар кабар ала электигин айтышкан. (ATo)
XS
SM
MD
LG