Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:18

Казак ишкерлери ысыккөлдүк 300дөй адамга эмгек акы төлөбөй жатат


Түп районунун Күрмөнтү цемент заводунун жетекчилеринин үстүнөн кылмыш иши козголгондон бери ишкана жабылды. Ак Булак айыл округунун башчысы Меркибек Кыштообаевдин айтуусунда, анда иштеген 300гө жакын жергиликтүү тургун жумушсуз калды. Кайтаруу кызматы менен акиташ чыгарчу бөлүмдөрдө иштегендерге 8 айдан бери эмгек акы берилген эмес. Заводдун мүлкүнүн 85 пайызына ээлик кылган казак ишкерлери жер жана башка салык төлөмдөрүнө жалпы 2 млн. сомдой каражатты төлөбөй кетти. Заводдогу өндүрүштүк техникалар учурда Казакстан тарапка ташылып кетип атканы кабарланды.

Күрмөнтү цемент заводунун жетекчилигин “Кыргызстан” коммерциялык банкынан алган 590 000 доллар жана 1 млн. 366 миң 296 сом бересесин кайтарып бербегени үчүн райондук прокуратура кылмыш жообуна тартууда. (RB)

XS
SM
MD
LG