Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:39

АКШ коргоо министри Пакистандагы сапарын аяктоодо


Исламабаддан түшкөн кабарларга караганда, Роберт Гейтс бүгүн Пакистандын офицерлери менен жолугушууда ооган – пакистан чек арасындагы экстремисттерди табуу АКШнын да, Пакистандын да кызыкчылыгындагы иш экендигин айтты. Исламабаддагы Улуттук коргонуу университетинде сүйлөгөн учурунда АКШ коргоо министри Пакистан менен 1990-жылдары аскерий байланышты үзүү “өтө чоң стратегиялык ката” болгонун жана эки ортодо узакка созулган “ишеним таңкыстыгын” жаратканын белгилеген. Роберт Гейтс ошондой эле АКШнын Пакистанда аскерий базасын жайгаштыруу планы жана анын өзөктүк куралын көзөмөлдөө ниети жоктугун кошумчалады. АКШ коргоо министри Пакистандагы эки күндүк сапарын бүгүн аяктоодо. Ал бул жерге өз ара байланышты тереңдетүү жана АКШнын коңшу Ооганстандагы согуштук стратегиясын түшүндүрүү максаты менен келген.

XS
SM
MD
LG