Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

АКШ вице- президенти Иракта жүрөт


Жо Байден Багдадга иш сапары менен кечээ түнү келди. Маалыматтарга караганда, Байден Иракта Саддам Хусеиндин тыюу
салынган “Баас” партиясына тиешеси бар деген шек менен жүздөгөн талапкерлер март айына белгиленген парламенттик шайлоого катышуудан четтетилгенден кийин тутанган кризисти жөнгө салууга аракеттенмекчи. Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зебари АКШ вице- -президентинин визитинин максатын “шайлоо жараянын сактоо” деп түшүндүрдү. Байден шайлоодон 500дөн ашуун саясатчынын четтетилүүсүнө байланышкан маселени Ирактын премьер- министри Нури ал-Малики менен талкуулары күтүлүүдө. Атайын комиссия аларды кезинде “Баас” партиясын колдогон деген жүйөө менен шайлоодон четтеткен. Сөз негизинен суннит саясатчылары жөнүндө жүрүп жатат. Жогорудагыдай жагдайдын жаралышы Иракта шайлоо алдында ансыз деле бекем эмес коопсуздуктун сакталуусу боюнча тынчызданууларды жаратты.

XS
SM
MD
LG