Бул тууралуу чегара кызматынын булагына таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти. Аны мекенине кайтаруу чегара кызматтарынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин чечилди деп жазды "Фергана ру" агенттиги. Жалал-Абад аймагындагы кыргыз-өзбек чегарасында 17-январда чатак чыгып, анда кыргызстандык аскер кызматчысы жарат алган. Өзбекстандык чегарачылар жарадар жаранды өз тарабына алып кетип калышкан. (BuS)