Бул - өлкөдөгү козголоңчуларга каршы 20 жылдык согуштан берки алгачкы шайлоо. Мамлекет башчылыгына 22 талапкер ат салышты. Бирок алардын ичинде азыркы президент Махинда Ражапакса менен армиянын мурдагы жетекчиси Сарат Фонсека - жеңиши мүмкүн делген негизги талапкерлерден. Алар буга чейин бирге иштешип, былтыр майда “Тамил жолборстору” деп аталган козголоңчулардын тобу менен күрөшүшкөн. Өлкөдө шайлоого 14 млн.адам катышууга укуктуу экени айтылган.