Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:29

ЖК депутаттары өкмөт жыйындарына катышууга укуктуу


Бул тууралуу парламент төрагасы З.Курманов бүгүн билдирди. Төраганын айтымында, ага өкмөт башчы Данияр Үсөнов чалып, депутаттар өкмөт жыйындарына катышууга укугу болгонун айткан. Өкмөт жыйындары шейшемби жана бейшемби күндөрү өтөрүн белгилеген ЖК төрагасы ал жыйындарга катышууну каалаган депутаттар тизмесин сурады.

Мындан бир апта мурда Жогорку Кеңеште Социал-демократтар партиясы “Аткаруу бийлиги ЖК беделине шек келтирүүдө”деп, Ички иштер министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынына социал-демократтардан депутат Галина Скрипкинанын катышпай калгандыгына байланыштуу нааразылык билдирүү тараткан. ЖКнын Коопсуздук, коргонуу, сот жана укуктук реформа боюнча комитетинин мүчөсү Галина Скрипкинага 20-январда болгон ИИМ жыйынына катышууга мүмкүнчүлүк берилген эмес. Буга байланыштуу СДП фракциясы ЖК аппаратына парламентте депутаттын ыйгарым укуктары жана макамы кагаз жүзүндө гана болуп жаткандыгын эскертип, жыл ичинде өтчү ушул өңдүү жыйындарга депутаттардын катышуусу үчүн атайын жадыбал менен камсыздоо талабын койгон. “ЖК депутатынын макамы” жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү” тууралуу мыйзамдарда депутаттардын өкмөт жыйындарына катышуу укугу каралганын белгилеген фракция аткаруу бийлигинин депутаттарга мындай мамилеси мыйзам чыгаруу органы катары ЖК беделине шек келтирүүдө деп эсептерин билдирген. (EK)

XS
SM
MD
LG