Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:54

Төрага Качкындар боюнча башкы башкармалыгынын өкүлү менен жолукту


Жогорку Кеңеш төрагасы Зайнидин Курманов БУУнун Качкындар боюнча башкы башкармалыгынын комиссарынын Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолугушту. Ага Качкындар иштери боюнча улуттук кеңешчи Олег Жданов да катышты. Ханс Фридрих Шоддер Кыргызстанды БУУнун жарандыгы жоктор санын кыскартуу боюнча Конвенциясына кошулууга чакырды. БУУнун Качкындар боюнча башкы башкармалыгынын комиссарынын Кыргызстандагы өкүлү Кыргызстанда бул жааттагы мыйзамдар эл аралык талаптарга ылайык экенин кошумчалап, бирок кээ бир жоболор өзгөртүүлөргө муктаж экендигин белгиледи. Зайнидин Курманов өз кезегинде бул сунуш боюнча кийинчирээк кеңири маалымат берүүнү өтүндү. “Учурда өлкөдө мамлекеттик башкаруу системасын реформалоонун биринчи этабы жүрүүдө. Бул жарандарга сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүү үчүн көрүлүп жатат” деди Жогорку Кеңеш төрагасы Зайнидин Курманов. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG