Бул тууралуу өлкөнүн коргоо министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, базадагы эки аскер колуна курал алып, башкаларды ата башташкан. Төрт адам курман болгон, экөө жаракат алды. Андан кийин ок чыгарган эки аскер жанынан кечип, өздөрүн атып салышкан. Окуя кайсыл базада болгону азырынча айтыла элек. Кылмыш иши ачылганы кабарланды.