Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:55

Кургак учук менен ооруган балдар үчүн кайрымдуулук фестивалы өтөт


Иш-чара 6-февралда “Тогуз-Булак” тоо лыжа базасында уюштурулат. Бул тууралуу фестивалды уюштуруучуларды бири, Эл аралык кызматташуу боюнча жапон агенттигинин (JICA) бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын өкүлү Таалайбек Койчуманов билдирди. Анын айтымында, мындай кайрымдуулук акциясы биринчи жолу өткөн жылдын октябрь айында уюштурулган. Чогулган каражатка кургак учуктан жабыркаган балдар ооруканасына керебеттер сатылып алынган. Т. Койчуманов бирок бул жетишпей турганын, ооруканада дагы алтымыштай орунду жаңылоо керектигин билдирди. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан кургак учук менен ооругандардын саны боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин арасында экинчи орунда турат. (EBM)

XS
SM
MD
LG