Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:39

Тажикстанда көз карандысыз үч гезит сотко берилди


"Азаттыктын" тажик кызматы билдиргендей, жумасына бир жолу чыгуучу гезиттерди өлкөнүн Жогорку сотунун жана Дүйшөмбү шаарынын соттору жалаа жапты деп сотко берди.
Алар «Озодагон», «Фараж» жана «Азия плус» басылмаларын өздөрү пресс-конференцияда айткан сөздөрдү бир тараптуу чагылдырган деп ырасташууда.
Соттор моралдык компенсацияга 5 жарым миллион сомони сурамакчы, бул 1 миллион 260 миң долларга тете каражат.
«Озодагон» гезитинин жетекчилиги соттор кааласа алардын да пикирлерин басууга даяр экендигин билдирүүдө. Өткөн айда дагы эки көз карандысыз гезит сотко берилген эле.
Февралдын 28инде Тажикстанда парламенттик шайлоо болот. JCH

XS
SM
MD
LG