Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:08

Oрусияда элиттик ОМОНдо козголоң чыкты


«Новое время» гезитинин маалыматына ылайык, Москвада жайгашкан атайын максаттагы элиттик милиция тобунун 10 чакты мүчөсү өз жетекчилеринин бир катар мыйзам бузуулары тууралуу арызданып, өлкөнүн президентине кат жазышты. ОМОНдон былтыр күздө бошотулган Сергей Таран "Азаттыкка" "Эртең менен катарга тизилгенде, бизге кечке чейин үч кишини кармайсыңар деп буйрук берилет. Эгер кармап келбесең, алты айга, кээде бир жылга сыйлык төлөмдөн кур калчубуз", - деп билдирди.

«Новое Время» гезити шилтеме берген омончулар алардын тобу өз жетекчилери сойкулардан аларды саксактаганы үчүн акча алып, кол алдындагы кызматкерлерди демонстрацияларды кууп таркатууга «ижарага» берип, фирма-компанияларды күч менен тартып алууга жардам көрсөткөн «акча жасоочу структурага» айланып калгандыгын белгилешкен.

XS
SM
MD
LG