Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:05

Түп районундагы автожолдор кардан тазаланган


Бул тууралуу билдирген райондун акими Талант Өмүркулов Ичке-Суу айылынын тургуну Алтынбек Туратбековдун “Азаттыкка” берген маалыматын төгүнгө чыгарды.

-Бүгүнкү күндө Каркыра жолун кардан тазалоо боюнча 7 техника иштеп жатат. Буюрса Каркыранын жолу чек арачыларга чейин ачылды. Ал эми айыл ичиндеги жолдордо болсо анчалык проблемалар болушу мүмкүн эмес жана болгон да эмес. Чоң кардан кийин кээ бир жерде техниканын жетишпей калгандыгына байланыштуу чындыгында кечирек ачылды. Бүгүнкү күндө жол жабык деген туура эмес маалымат. Ошол Алтынбек деген жигиттин маалыматы туура эмес.

31-январда Ичке-Суу айылынан Алтынбек Туратбеков “Азаттыкка” телефон чалып, калың жааган карды жол оңдоо мекемеси картада жок деп тазалабай койгонун, 200 түтүн жергиликтүү тургундар акча чогултушуп өздөрү район борбору менен байланыштырган жолду ачтырышканын маалымдаган. (AJ)

XS
SM
MD
LG