Мындай пикирин Ирандагы оппозициянын лидери Мирхусейн Мусави интернеттеги өзүнүн сайтында жарыяланган интервьюсунда билдирди. Ушул күндөрү өлкө ислам революциясынын 31 жылдыгын белгилеп жатат. 1979-жылы 11-февралда өлкөдө Американын колдоосун алган шахтын бийлиги кулатылган. Интервьюда Мусави ошол ыңкылап өз максатына жетпегенин айтып, шахтын доорундагы “диктатуранын тамыры” дале калып жатканын билдирди.