Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:16

Ош шаар соту А. Саиповдун өлүмүнө байланыштуу ишти эртеңкиге жылдырды


Ош шаардык соту аталган ишти териштирүүнү ушул жылдын 26-январында баштаган эле. Кийинки жараян 2-февралга саат онго белгиленген. Бирок көрсөтүлгөн убакытта жана судья Бурханидин Нурмаматовдун катчысы иш саат 14.00гө коюлду деген маалда да улантылган жок. Түш оой соттун өкүлү кылмыш ишин кароо эртең саат онго жылдырылганын айтып, анын себептерин түшүндүрүүдөн баш тартты.

Маркум кабарчынын атасы Авас Саипов уулунун өлтүрүлүшүнө шектүү деп туугандары күмөндөгөн милициянын майору Токтосун Асаевди, журналист Даврон Насибхановду, серепчи Ыкбал Мирсаидовду прокурор сотко алып келе албай жаткандыгын, ошон үчүн жогорку бийлик бул маселеге катуу баш оорутуп, айласын таппай тургандыгын билдирди.

Анткени менен мамлекеттик айыптоочу Кубаныч Машаев журналисттин мыйзамдуу өкүлүнүн кебин четке кагып, Авас Саипов атаган кишилердин айрымдары сотко күбө катары катышаарын маалымдады.

Ошол эле учурда айыпталуучу Абдуфарид Расулов Оштогу “Саясат” гезитинин баш редактору Алишер Саипов атылган күнү, 2007-жылдын 24-октябрында, түштүк борборунда болбогондугун, муну бышыктай турган күбөлөр бардыгын айтып, тагылган айыптын бирин дагы мойнуна албай келатат. (ATo)

XS
SM
MD
LG