Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:30

Бүгүн А.Ташиевдин өлүмүнө байланыштуу сот болот


Маркум журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланыштуу ишти анын жакын туугандары Ноокат райондук сотко ишеним көрсөтүшпөй, сотту райондон башка аймакта өткөрүүнү жана Жаңы-Базар милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин барын жоопко тартууну талап кылышууда.

Буга чейин Ноокат райсоту журналист Алмаз Ташиевдин өлүмүнө байланыштуу ишти териштирүү чала жүргүзүлгөндүгүн белгилеп, кайрадан тергөөгө жөнөткөн. Ош облустук соту да бул чечимди күчүндө калтырган. Сот журналисти сабап өлтүргөн делип айыпталып тергөө абагында жаткан милиция кызматкерлери Шүкүрбек Нурматов менен Нургазы Батырбек уулунун баш коргоо чарасын өзгөртүп, соттук териштирүү бүткөнчө үй камагына которуу чечимин чыгарган. (AJ)

XS
SM
MD
LG