Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:45

“Демократия жана атуулдук коом үчүн” коалиция курултай боюнча чечим кабыл алды


Коалициянын директорлор кеңеши 4-февралда жыйын куруп, анда 23-мартта чакырыла турган курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жер-жерлердеги иш чараларга катышуу чечимин кабыл алды. Жергиликтүү курултайларда коалициянын активисттери жана мүчөлөрү Конституцияны өзгөртүүгө каршы, Ынтымак курултайына “дежурный” аксакалдар эмес, чыныгы абройлуу инсандардын делегат болуп шайланышы үчүн, УТРК бийликке жагымдуу эле маалыматтарды бербей, бардык адамдардын пикирин айтууга мүмкүнчүлүк берүүсү үчүн жана тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы туруу багытында иш жүргүзө турган болду. Ал эми коалициянын Ынтымак курултайына катышуу маселеси кошумча талкууланмак болду.(AiT)

XS
SM
MD
LG