Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

АКШ менен өнөктөштөрү Иранга кайрылып, сунушту кабыл алууга чакырышты


Сөз Ирандын өзөктүк программасы боюнча тынчсызданууну азайтуу үчүн Бириккен улуттар уюму Иранга жасаган сунуш жөнүндө болуп жатат. АКШ, Британия жана Германиянын өкүлдөрү Тегеранга жасаган билдирүүсүндө, жакында президент Махмуд Ахмединежад уранды байытуу үчүн башка мамлекетке жиберүүгө макул деген сөзүн МАГАТЭ аркылуу расмий ырастоого үндөштү. Ошол эле учурда Франция Иранга каршы санкция киргизүү зарылдыгын билдирди.

Ал арада Кытай “Иранга каршы санкция боюнча талкуулар дипломатиялык аракеттерге тоскоол болот” деп билдирди. Бул тууралуу Кытайдын тышкы иштер министри Яң Жиечи бүгүн айтты. Батышта айрым мамлекеттер Иранды “атомдук бомба жасап жатат” деп кооптонушат. Тегеран болсо муну четке кагып, уран ага энергия алуу үчүн гана керектигин билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG