Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

ИИМ: А. Жекшенкуловдун жана И. Абдыкадыровдун көрсөтмөлөрү негизсиз


2-февралдагы соттук териштирүүдө түрк ишкери Сервет Четинди өлтүргөн деп айыпталып жаткан И. Абдыкадыровдун берген көрсөтмөсү жалган, деп билдирет ИИМ басма сөз кызматы. “Анын сотто “милиция кызматкерлери катуу сабаганы үчүн кылмышты мойнума алгам” деп айтканы чындыкка туура келбейт, буга чейин ал өзү да, адвокаттары да милиция тарабынан кандайдыр бир кысым болгону тууралуу билдиришкен эмес” деп айтылат билдирүүдө. Ошондой эле ИИМ экс-тышкы иштер министри А. Жекшенкуловдун тапанчасынын түрк ишкери өлтүрүлүшүнө тиешеси бардыгы анын өзүнүн жана адвокатынын катышуусунда 2009-жылдын 5-мартында жүргүзүлгөн баллистикалык экспертизада аныкталган деп маалымдаган.
Өткөн шейшембидеги соттук териштирүүдө айыпталуучу И. Абдыкадыров көрсөтмө берип, мурдагы берген көрсөтмөлөрүн тергөө кызматкерлеринин ур-токмогу алдында бергендигин билдирген эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG