Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:08

“Хизб-ут-тахрирчилерден” гранат табылды


Бишкекте жайгашкан чайканалардын биринде жүргүзүлгөн ИИМдин биргелешкен операциясы маалында чечилген калыбындагы “Ф-1” гранатасы, диний, радикалдык-экстремисттик мүнөздөгү жүздөн ашык адабияттар, гезиттер, видеотасмалар табылды. Бул буюмдарды операцияга катышкан кызматкерлер чайхана ичиндеги килемдин, үстөлдүн астынан, чатырдан, чайхана жанындагы автоунаадан табышкан.
Чайкананын ээси Баткен облусунун тургуну болгон жана ал жерде 15 киши кармалды жана Биринчи май райондук милициясына жеткирилип, кармалгандардын автоунаалары Бишкек шаардык милициянын гаражына жеткирилди. Фактыга тиешелүү бардык материалдар Улуттук коопсуздук боюнча башкармалыктын карамагына берилди. Мындай маалыматты бүгүн ИИМдин басма сөз кызматы таратты. (BuS)

XS
SM
MD
LG