Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:38

Кардын оор жаашынан камалып калгандарга жардам берилүүдө


Өзгөчө кырдаалдар министрлги Ош- Сары-Таш- Эркештам жолунда тынымсыз жааган кардан камалып калган 300 адам жана 100 автоунааны чыгаруу аракетин көрүп жатат. Бул туурасында министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүн 11-февралда Коргоо министрлигинин МИ-8 тик учагы куткаруучулар менен Ош облусунун Алай районунун Тон-Мурун, Кара-Киндик, Кызыл-Суу ашууларында калың жааган кардан камалып калгандарга 1100 кг. эт консерваларын, нан азыктарын алып барып беришти. Жабыр тарткан 11 киши алынып келинип, алардын бешөө Ош облустук ооруканага жеткирилген. Учурда карды тазалоо иштери жүрүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG