Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:23

А. Жекшенкуловдун үстүнөн жүрүп жаткан соттук териштирүү ишин улантат


8-февралга белгиленген жараян А. Жекшенкуловдун адвокаты келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган. Бүгүн соттук териштирүүдө айыпталуучулардын көрсөтмө берүүсү уланат. 2-февралдагы сот жараянында тышкы иштер министри кезинде Кытай гарантын максатсыз пайдаланган жана түрк ишкери Сервет Четиндин өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталып жаткан А. Жекшенкулов көрсөтмө берип, бул айыптарды негизсиз деп билдирген.
Ошол эле күнү түрк ишкерин өлтүргөн деп айыпталышкан И. Абдыкадыров менен К. Супатаев да көрсөтмө берип, мурда тергөөдө айткандарынан баш тартышкан. Алар муну тергөөдө ур-токмокко кабылганы менен байланыштырышкан. Көп өтпөй ИИМ маалымат таратып, айыпталуучулардын сотто айткандары чындыкка дал келбей тургандыгын айтып чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG