Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:50

Кыргызстанда 5 жылда 1,5 млн. ашуун ички паспорт жасалды


Бул тууралуу “Интел Линкс” ишканасынын директору Таалайбек Жумадылов парламенттин Коргоону, коопсуздук, сот-укуктук маселелер жана коррупцияга каршы комитетинде билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда 2005-жылдан 2010-жылдын 15-февралына чейин 1 миллион 563 миң 890 жалпы атуулдук ички паспорт (ID-карт) жасалган. 1 миң 700 диппаспорт, 1 миң 390 кызматтык паспорттор жасалган. Алардын баалары беш жыл мурдагыдай эле ички паспорт 1,18 евро (72 сом), кызматтык жана диппаспорт 6,79 евро (405 сом) боюнча калган.
“Ак жол” фракциясынын лидери Улугбек Ормонов мамлекеттик каттоо кызматына 2004-2005-жылдагыдай паспорттук кризиске жол бербөөнү эскертти. Ал эми депутат А.Сабиров паспорт берүүдө көйгөйлөр көп экенин, биринчилерден болуп орто мектептердин бүтүрүүчүлөрүн паспорт менен камсыз кылуу зарылдыгын айтты.
Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Жаныбек Бакчиев болсо алдыда паспорттук үстөлдөрдү бириктирип, жарандарды тейлөө үчүн бир орган түзүү пландаштырылып жатканын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG