Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:20

Коргоо министринин орун басарлары генерал-майор чинине ээ болушту


Коргоо министринин 1-орун басары Марат Кенжесариев менен орун басары Шерикбай Султановго аскердик генерал-майор наамын ыйгаруу тууралуу жардыкка президент К. Бакиев кол койду. Буга байланыштуу мамлекет башчы бүгүн эки орун басарды кабыл алып, аларды жаңы аскердик чини менен куттуктады. Жолугушуу учурунда өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн андан ары реформалоого байланышкан маселелердин тегерегинде сөз болду. Мамлекет башчысы аскер тартибин бекемдөөнүн, Куралдуу күчтөрдүн аскерий потенциалын жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүүнүн зарылдыгын белгиледи деп билдирет президенттин басма сөз кызматы. (ZKo)

XS
SM
MD
LG