Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:41

Бийлик Ынтымак курултайына оппозицияны да чакырды


Ынтымак курултайын өткөрүү боюнча комитет кайрылуу таратты. Анда өлкөдөгү бардык саясий, анын ичинде оппозициялык партияларга, коомдук бирикмелерге, жарандык коомго, чыгармачыл жана илимий журтчулукка Ынтымак курултайына катышуу үчүн татыктуу талапкерлерди активдүү көрсөткүлө деген сунуш айтылган. Көрсөткүлгөндөр Президенттин квотасы боюнча курултайга катыша турган 150 адамдын катарына кошулушу ыктымал.

Комитет учурда өлкөгө жагдайды реалдуу талдоо максатында түрдүү социалдык, саясий, конфессионалдык жана этникалык топтордун диалогу зарыл деп эсептеп, курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча арыздарды, ошондой эле курултайдын күн тартибин аныктоо боюнча сунуштарды, баамдоолорду жана пикирлерди коомчулуктан күтөрүн белгилеген. Анда айтылгандай ар кандай каалоо-тилек, сунуштар жана арыздар 2010-жылдын 2-мартына чейин Ынтымак курултайын уюштуруу комитетине кабыл алынат.

Айрым оппозициялык партиялар бийликтин демилгеси менен уюштурулуп жаткан Ынтымак курултайы бийликке жагынуучулардын кезектеги жыйыны болот деп эсептеп, ага катышуудан баш тартышкан. Оппозиция мындай жыйынды Элдик курултай деген ат менен 24-мартка жакын өткөргөнү турат. Ал эми жарандык коом курултайга делегаттарды тандоо демократиялуу жүргүзүлбөй жатканына нааразылыгын билдирип келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG