Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Алайлыктар И. Исаковду Ынтымак курултайына делегат кылып шайлады


Гүлчөдө И. Исаковго боштондук талап кылып каршылык акциясын өткөрүп жаткан адамдарга Алай районунун акими Алмазбек Осмонов, райкеңештин төрагасы Таалай Сарыбашев барып жолугуп, аларды мыйзам чегинде аракеттенүүгө чакырып, мыйзам бузулса тийиштүү чара көрүлөрүн эскертишти. Пикетте тургандар өз кезегинде камактагы генерал И. Исаковду Ынтымак курултайына делегат кылып шайлаганын билдиришти. Ошол себептүү генералды бошотуп, курултайга катыштырып сөз бергиле деген талапты айтышты. Бул талап жогорку бийлик өкүлдөрүнө бүгүн жеткирилбесе, деги эле аткарылбаса, алар райондук бийликти басып алууга даяр экендиктерин эскертишти. Бул жөнүндө Гүлчөдө жүргөн кабарчыбыз Алишер Токсонбаев кабарлады.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG