Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын билдиришинче, Кыргызстандын мөңгүлүү аймактарында миңдеген көлдөр бар. Алардын үч жүзгө жакыны жырылып кетүү коркунучу жогору деп табылган. Адистердин айтымында, өзгөчө Ала-Арча дайрасынын жогорку жагындагы “Адигене” көлүнүн абалы кооптуу. Эгер бул көл жырылып кетсе Бишкектеги президенттин резиденциясы менен борбор шаарды суу каптап кетиши ыктымал. (EBM)