Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:30

Көркөм муз тебүүдө Лысачек Плющенкону утуп, олимпиадалык чемпион болду


Америкалык Эван Лысачек Ванкувердеги олимпиада оюндарында эркектердин мелдешинде алтын медаль тагынды. 24- жаштагы дүйнө чемпиону орусиялык Плющенкодон 1.31 упай көбүрөөк алды. Буга чейин америкалыктар көркөм муз тебүүдө олимпиадалык алтын медалга 1988-жылы ээ болгон. Акыркы 18 жылда бул спортто орустар үстөмдүк кылып келишти. Жапониялык Дайсуке Такахаши коло медаль алды. Көркөм муз тебүүдө буга чейин бир да жапон бир да медаль алып көргөн эмес.

XS
SM
MD
LG