Бишкек шаар кеңешинин депутаты Хусейн Маянхунун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, буга чейин шаар кеңешине Абсамат Масалиевдин атын Бишкектеги борбордук көчөлөрдүн бири - Киев көчөсүнө берүү тууралуу өтүнүчтөр болуп келген. Белгилүү коомдук-саясий ишмердин фонд-музейин куруу үчүн мурдараак Түштүк магистралдын боюнан жер берилгенине байланыштуу анын атын да ушул кеңкөчөгө берүүнү туура таптык дейт шаар кеңешинин депутаты.
Түштүк магистрал Бишкектин түштүк-батыш жана түштүк-чыгыш тараптарын бириктирген кең көчө. Аны келечекте түштүк-батыш тарапка дагы узартып, стратегиялык мааниси бар Бишкек-Ош кан жолуна кошуу долбоору бардыгы маалымдалган.(ZKo)