Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

“Эстелик бир ураса, турбайт”


Сулайман Тоо комплекси - ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандан биринчи бирген тарых эстелиги
Сулайман Тоо комплекси - ЮНЕСКОнун тизмесине Кыргызстандан биринчи бирген тарых эстелиги

ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуу эстеликтер тизмесине киргизүү үчүн Кыргызстандан сегиз тарыхый эстелик сунушталды. 25-февралда Мамлекеттик филармонияда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 85 жылдыгына арналган маданий иш-чара өтөт.

ЮНЕСКОнун баалуу эстеликтеринин тизмесине Кыргызстандан Кошой-Коргон, Таш-Рабат, Чүй шаарчасы, Саймалы-Таш, Өзгөн мунарасы тарыхый эстеликтери жана дагы башкасы болуп, баардыгы сегиз эстеликти киргизүү каралып жатат.

Маданият жана маалымат агенттигинин чет мамлекеттер менен иш алып баруу бөлүмүнүн жетекчиси Нурдавлет Нурмамат уулунун “Азаттыкка” билдиришинче Кыргызстандан тандалып жаткан эстеликтер Борбордук Азиядагы бир катар мамлекеттердин бирдиктүү номинациясынын негизинде ЮНЕСКОго катталмакчы:

- Биз 8 эстеликти киргизип жатабыз ЮНЕСКОнун биргелешкен номинациясына. Бул жерде биздин 8 эстелигибиз Борбордук Азиядагы – Кыргызстан, Кытай, Казакстан, Өзбекстан жана Япония мамлекеттеринин биргелешкен сунуштоосунда катталмакчы. ЮНЕСКОдон атайын комиссия кечээ жакында келип, биздин документтер менен таанышып кетти.

Кыргызстанда негизи өтө баалуу деп эсептелген эл аралык маанидеги 30 га жакын эстелик болсо, улуттук маанидеги 300 гө чукул баалуу эстеликтер бар. Бирок ошол эстеликтердин абалы - өзгөчө өкмөт тарабынан тиешелүү көңүл бурулбагандыктан, жылдан жылга начарлоодо.

Мамлекеттик “Бишкекреставрация” жетекчилигинин директору Жумамедел Иманкуловдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда “Мурас жылы” деп жарыяланган 2010-жылда деле Кыргызстандын жоголуп кетүү коркунучунда тарган баалуу эстеликтерине өкмөт тарабынан тиешелүү көңүл бурулбайт:

- Кыргыз телесинен эстеликтерди коргоо тууралу анча-мынча сөз болгону менен, а да болсо быйылкы жыл “Мурас жылы” болуп жарыяланганынан улам гана сөз болуп жатат. Антпесе жок болуп кетүү коркунучунда турган канча эстелик турат бизде. Өкмөт көңүл бурбай келатат, мындан кийин да көңүл бурбайт.

Эстелик деген бир ураса, кайра турбайт. Тургузуу мүмкүн эмес. Бузулуу коркунучундагы тарыхый-маданий эстеликтерди алдын-ала оңоп-түзөө иштери мамлекет тарабынан көп жылдардан бери жүргүзүлбөй калды.

Андыктан учурда “КыргызБишкекреставрация” жоголуу коркунучунда турган эстеликтерди сактап калууга коомчулуктун, өкмөттүн көңүлүн буруу максатында “Мунара” фондун түзүп жатат жана ал фонддун негизинде жоголуп кетүү коркунучунда турган эстеликтердин фотокөргөзмөсүн уюштуруу үчүн ал эстеликтерди жеринде барып тартып келүү иштери уюштурулушу керек:

- Биз жоголуп кетүү коркунучунда турган баалуу эстеликтерди фотосүрөткө алууда Ат-Башыга, Чаткалга, Тянь-Шанга, Таласка – кыскасы Кыргызстандын бардык аймактарына барышыбыз керек. Тарткан фотосүрөттөрүбүз абдан сапаттуу, эл аралык талаптарга жооп берерлик деңгээлде болушу керек. Жоголуу коркунучунда турган тарыхый эстеликтердин көргөзмөсү менен биз эл аралык көргөзмөлөрдү да уюштурушубуз мүмкүн.

25-февралда Кыргыз мамлекеттик филармониясында Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 85 жылдыгына арналган маданий иш-чара өтөт. Учурда ага карата даярдыктар жүрүп жатканын маалымдады “Азаттыкка” мамлекеттик филармониянын директору Керим Турапов:

- 85 жыл ичиндеги кыргыз элинин тарыхый жолу бүгүнкү күнгө чейинки - видеоматериалдар аркылуу көрсөтүлүү менен үч жанрда чоң концерт тартууланат: фольклор, классика, эстрада.

Ошондой эле жаз айнынын алгачкы күндөрүндө ШКУга кирген өлкөлөрдүн маданият министрлеринин жолугушуусу күтүлүүдө.

Ал эми “Кыз Бурак” тобу март айынын башынан Иранга чыгармачылык сапар алмакчы.
XS
SM
MD
LG