Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Баткенде кыргыз-өзбек чек арачыларынын жолугушуусу өттү


Баткен шаарында өткөн чек арачылардын жолугушуусуна Өзбекстандын Сох аймактык чек ара бөлүгүнүн комиссары Санжар Насыров жана Баткендеги чек ара бөлүгүнүн зардалы Саитжан Эратов, Айдаркен чек ара бөлүгүнүн өкүлдөрү катышты.

Расмий жолугушууда жазгы талаа жумуштары башталган учурдагы чыр-чатактардын алдын алуу багытындагы жана Өзбекстандын Сох анклавын аралап өтүүдө кыргыз атуулдарына женилдиктер, жер-суу талашы менен жайыт маселери каралды.

Акыркы убакта кыргыз-өзбек чек арачыларынын жергиликтүү жетекчилеринин жолугушуусун квартал сайын өткөрүү салтка айланып баратат, мындай иш чаралар чек арадагы тирешүүлөрдү женилдеткенге да жардамы чоң дейт, Баткендеги 2022 чек ара бөлүгүнүн зардалы Саитжан Эратов.

Өткөн жылы Баткен районунун аймагындагы кыргыз-өзбек чегинде майда тирешүүлөрдү кошпогондо чыр-чатактуу он окуя катталган. (JsA)

XS
SM
MD
LG