Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

Электрдин кымбатташы суусуз жерлердеги дыйкандарга оор келүүдө


Депутат А. Мамасаитов Ош, Баткен облустарында дыйканчылык сууну жердин түбүнөн насос менен чыгаруунун натыйжасында гана жүргүзүлүп келе жатканын айтып, электр энергиясы кымбаттаган учурда бул дыйкандарга жеңилдик берүүнү өтүндү. Айыл чарба министринин адисинин билдирүүсү боюнча жергиликтүү бийликтердин балансында турган суу бургуларын айыл чарба министрлигинин балансына өткөрүп алуу маселеси каралып жатат. Министрликтин балансында 55 суу бургусу бар. Андан тышкары айыл өкмөттөрдүн карамагында турган 520 суу бургусу бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG